Трихолатис реликт жөргөмүшү

Википедия дан

Трихолатис реликт жөргөмүшү (лат. Tricholathys relicta, Ovchinnikov, 2001) - Чыгыш Жарым шары боюнча түркүмдүн жалгыз өкүлү, калган түрлөрү АКШнын батыш райондорунда таралган.

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Денесинин узундугу 6,5–7,0 мм дене түзүлүшү чымыр орточо көлөмдөгү жөргөмүш. Башкөкүрөгү кара-күрөң. Көздөрү эки катарга жайгашкан, диаметри бири-биринин ортосунда бирдей, башынын жалпы аянтынын 0,6сын ээлеп турат. Буттары сыргыч-күрөң, курсагы сыргыч-боз. Желе бездери (сөөлдөрү) кыска. Крибеллуму кыскарып кеткен, каламиструму жок.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тескей Алатоо кыркаларынын батыш жагынын күнгөй бетинде жайгашкан Көлүкөк көлүнүн тегерегинде кездешет.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Деңиз денгээлинен 3500 м жакын абсолюттук бийиктикте аскалардан эшилип түшкөн агынды таштардын арасында, чет жакасында, күнгөй беттеринде кээбир топурактуу жерлеринде сейрек өскөн бадалчаларда кездешет.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Популяциянын жыштыгы өтө төмөн. Аска-тоолордон куюлуп түшкөн таштардын арасында, бадал өсүмдүктөрү өскөн жерлердин үлүшү жалпы аянтка салыштырмалуу өтө аз болгондуктан, ал жерлерде жетилген жөргөмүштөр сейрек жана бирин серин кездешет.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толук изилденген эмес. Майда муунак буттуулар менен азыктанышы мүмкүн. Жетилген особдору жайдын аягында бадалдардын тамырга жакын бөлүгүндө желе түтүктөрүндө кездешет. Бир катар морфологиялык өзгөчөлүктөрү T. relicta бөлөк түрлөргө караганда активдүү жырткыч экендигин көрсөтүп турат. Чектөөчү факторлор. Жападан жалгыз белгилүү болгон субпопуляциянын тыгыз группасынын жердеген жерлеринин бузулушуна күчөтүлгөн мал жаюунун натыйжасында жерлердин тапталышы жана башка ушу сыяктуу себептер коркунуч туудурат. Жашаган жерлеринде потенциалдуу атаандаштардын болушу менен азык базасы чектелген. Душмандары жана оорулары изилденген эмес.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колго багуу жүргүзүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы мезгилде түр эч жерде корголбойт.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Табигый жердеген жерлерине кичи коруктарды уюштуруп, тартипке келтирүү малдардын таптоосунан коргоо, ошондой эле түрдүн ареалынын чегин тактап жана мониторинг жүргүзүү максатка ылайык.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

II категория (VU B2ac(iii); C2b). Өтө аз сандагы айрым бир жерде кездешүүчү эндемикалык түр. Таралышынын жана морфологиясынын уникалдуу өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу чоң илимий мааниги ээ. Функцияналдуу крибеллуму жана каламиструмунун жоктогу Tricholathysinae тукумчасы учун уникалдуу болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]