Мазмунга өтүү

Трумэн доктринасы

Википедия — ачык энциклопедия

Трумэн доктринасы - 2-дүйнөлүк согуштан кийин АКШ президенти Г. Трумэндин 1947-ж. 12-мартта конгресске жиберген катында баяндалган АКШ өкмөтүнүн тышкы саясатынын программасы.

Анда Грекия менен Түркияга 1947-48-ж. 400 млн доллар аскердик жана экономикалык «жардам» берүү каралган. Трумэн доктринасы демократия менен социализмдин өнүгүшүн чектөө, СССР жана социалисттик башка өлкөлөргө кысым жасоо, ошондой эле реакциячыл күчтөрдү жана тартипти колдоо максатын көздөгөн. АКШ өкмөтү Трумэн доктринасын башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүү, эл аралык абалды оордотуу үчүн колдонгон. Ал башка өлкөлөрдө аскер базаларын түзүүнү көздөгөн АКШнын аскердик кеңири «жардамдарынын» башталышы болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4