Тубаса нак минералдар

Википедия дан

Тубаса нак минералдар, самародоктор - кошундулары жок, таза түрүндө кездешүүчү, бир гана хим. элементтен турган минералдардын классы.

Ага 80ге жакын минерал кирет. Алар үч топко -

  1. металл эместер (алмаз, графит, күкүрт ж. б.),
  2. чала металлдар (мышьяк, сурьма)
  3. металлдар (алтын, күмүш, жез, платина, темир, коргошун, цинк, калай, сымап, висмут ж. б.) болуп ажыратылат.

Металлдар таза түрдө жаратылышта өтө сейрек кездешкендиктен өнөр жайлык маанидеги чогундулары аз учурайт. Тубаса нак минералдардын массасы адатта 1 гдан жогору болот.

Австралиядан табылган «Холтермандын тактасы» деп аталган тубаса нак алтындын салмагы кварц менен бирге 285 кгга жетсе, Канадада салм. 500 кг тубаса нак күмүш (Кобальт кени), Россияда 8,4 кг уюган нак платина (Урал) казылып алынган. Айдагы тоо тектердин жана метеориттин курамында жер кыртышында еейрек кездешүүчү кошундусуз таза темир (мис., салмагы 60 гдай келген Гоба метеорити - Жер шарында табылган эң ири табигый тубаса нак темир), никель ж. б. бар. Тубаса нак минералдар магматизм, метаморфизм, гидротерм жана гиперген процесстеринен пайда болот. Көбүнчө минералдардын чачынды кендеринде кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4