Тукубай

Википедия дан

Тукубай, Кедей-Арык - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Багыш айыл аймагына караштуу.

Дениз денг. 895 м бийиктикте. Райондун борбору Сузак кыштагынан 18 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 10 км. Калкы 1401 (2012); негизинен дан эгиндерин эгип, дыйкан чарбаларында эмгектенет.

Орто мектеп, китепкана, музей, бала бакча, ФАП бар. Соода жайлары иштейт. Кыштак Советтик Союз. Баатыры Тукубай Тайгараевдин ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4