Тулемышев Мелс Шамыралиевич

Википедия дан

Тулемышев Мелс Шамыралиевич (15. 6. 1939, Фрунзе - 24. 6. 2009, Бишкек) - техника илимдин доктору (1995), проф. (1992), Кыргыз ССР Инж. академиясынын академиги (1996), Эл аралык инж. академиянын корр. мучөсү (1999).

КРдин билим берүүсүнүн отличниги. ФПИни (1961), В. В. Куйбышев атындагы Москва инж.-курулуш интунун аспирантурасын (1968) бүтүргөн. Кайыңды Курулуш-монтаж башкармалыгында прораб, участка башчысы (1961-62), «Фрунзе мамлекеттик курулуш» трестинде мастер, прораб, улук прораб (1962-66), СССР Курулуш транспорту минстрлигинде СКТБда инженер (1969), ФПИде (Кыргыз арх-ра-курулуш институтунда) кафедра башчысы, декан, директор (1970-2000), 2000-жылдан КРдин Билим берүү жана маданият министрлигинин алдындагы жогорку мектеп маселелери ИИИнин директору. 165тен ашык илимий эмгектин, алардын ичинен 4 монография, 15 окуу куралы жана 4 ойлоп табуусу жарык көргөн. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4