Тулпарташ

Википедия дан

Тулпарташ - Соңкөлдүн батыш тарабында Көкбулак жергесинде таш бетине түшүрүлгөн ат туягынын изи. Аны Манастын тулпарташы деп да аташкан. Таштын узундугу 1–2 м, туурасы 0,75 м, калыңдыгы 15–20 см. Туяктын сүрөтүнүн көлөмү 19–20 см. Кайсы мезгилге таандык экенин аныктоо мүмкүн эмес. Кийин жаңылатып чегилген белгилери бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.