Тураев Элдос
Көрүнүш
Тураев Элдос 1951-жылы Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.
- 1965-жылы Тайгараев атындагы сегиз жылдык мектепти, 1967-жылы У.Абдукаимов атындагы орто мектепти, 1971-жылы Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин аяктаган.
- Эмгек жолун 1971-жылы Сузак районундагы “Үлгү” орто мектебинде математика мугалими болуп иттттеп баштаган.
- 1972-1973-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
- 1973-2005-жылдары Сузак районундагы Абдукаимов атындагы орто мектебинде математика мугалими, Ломоносов атындагы сегиз жылдык мектептин директору, Тайгараев атындагы орто мектепте мугалим, 2005-2014-жылдары Тайгараев атындагы орто мектебинде директор болуп иштеген.Эл агартуунун отличниги.
- 2012-жылы “Турмуш кайрыктары” аттуу ыр жыйнагы басылып чыккан.
- “Мекен жыты” аттуу ыр жыйнагы басууга даярдалып жатат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3