Туруктуу ток

Википедия дан
Турактуу ток‎»‎ барагынан багытталды)

Туруктуу ток ― убакыттын өтүшү менен күчү, чыңалуусу жана багыты өзгөрбөөчү электр тогу.

Туруктуу ток туруктуу чыңалуунун таасиринен пайда болуп, туюк электр чынжырында гана боло алат. Туруктуу токтун негизги закондору болуп Ом мыйзамы, Жоуль-Ленц мыйзамы, Кирхгофтун эрежеси эсептелет. Электр генератору, гальваникалык элемент, термоэлемент, фотоэлемент Туруктуу токтун булактары болушат. Туруктуу ток өзгөрмө токту жарым өткөргүч ж. б. түзөткүчтөрдүн жардамы менен түзөтүү аркылуу да алынат. Туруктуу ток өндүрүштүн түрдүү тармактарында, электр тогун алыс аралыкка берүүдө колдонулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4