Турат Алыбаев
Турат Алыбаев - агартуучу, програмчы.
Ал Жумгал районуна караштуу Куйручук айылында (мурунку аты Кызыл-Туу айылы) 1987-жылы 18-майда жарык дүйнөгө келген.
1994-жылы ушул эле айылдагы А. Сулайманов атындагы орто мектебине 1-класска окууга кирген. 2005-жылы ушул эле мектеп ийгиликтүү аяктаган.
2005-жылы Нарын Мамлекеттик Университетинин, Тил таануу факультетинин Кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө бюджеттик негизде окуп баштаган.
2011-жылы Талас Мамлекеттик университетин ийгиликтүү аяктаган.
11 жыл метептерде, лицейлерде жана жеке окуу курстарында Кыргыз тили жана адабиятынан, ЖРТге даярдоо боюнча мугалим болуп эмгектенген.
Мугалимдик учурунда, окуучулары олимпиадаларда, Акыл-ордо сыяктуу интеллектуалдук теле шоуларда жакшы ийгиликтерди жаратышкан.
Бул 11 жыл аралыгында көптөнгөн окуучуларды окутуп, тарбиялап, жакшы ийгиликтерге жеткирген.
2020-жылы СOVID-19 апаатына байланыштуу белгиленген карантин учурунан пайдаланып АйТи тармагын окуп, мобилдик колдонмо иштеп чыгуучу програмчы болуп чыккан. Бул курсту Jyldyz Academy нин негиздөөчүсү Тимур Моне жана анын шериктештери уюштурган.
2021-жылы App IT Company деп аталган АйТи компанияны негиздеп чыккан. Учурда бул тармакта дагы бир топ окуучуларды окутуп, аларды дүйнөнүн жана өлкөбүздүн белгилүү АйТи компанияларына жумушка киргизип, ийгиликти көздөй жетелеп жаткан кези.
Учурда үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.
Турат Алыбаев азыркы учурда Телеграмда[1] жана Инстагамда өзүнүн текст блогун алып барат.