Турбиналык кыймылдаткычтар

Википедия дан

Турбиналык кыймылдаткычтар

1) турбина-желдеткичтүү кыймылдаткыч - эки контурлуу турбина-реактивдуу кыймылдаткыч; мында абанын сырткы жана ички контурлар аркылуу чыгымынын катышы 1ден чоң;

2) турбина-компрессордуу кыймылдаткыч - авиациялык газ турбиналуу кыймылдаткыч; мында камерага кирген абанын кысылып күйүшү компрессор менен ишке ашырылат;

3) турбина-реактивдүү кыймылдаткыч - тартуу күчү чоргодон чыккан кысылган газдын агымынан пайда болуучу турбина-компрессордуу кыймылдаткыч. Анын бир гүрү - эки контурлуу, ал үн ылдамдыгына чейинки ылдамдыкка кыйлаүнөмдүү жана чуусу аз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4