Турбогенератор

Википедия дан

Турбогенератор - буу турбинасы же газ турбинасы менен айландырыла турган электр генератору.

Көбүнчө Турбогенератор синхрондуу генератор болуп эсептелет да, жылуулук электр станциясынын (ЖЭС) турбинасы менен бирдикте иштейт. Турбогенератордун дүүлүктүргүч оромдору роторго, үч фазалуу жумушчу орому статорго жайгашкан. Ротор эң күчтүү мех. чыңалууга дуушар боло тургандыктан ал өтө сапаттуу болоттон жасалат. Турбогенератордун статору корпустан жана оромдор жайгаштырыла турган ноочалуу өзөктөн турат. Кубатуулугу 30 МВтка чейинки Турбогенератордун оромдору аба менен, 30 МВттан жог. кубаттуулукта суутек менен, 300 МВттан жог. кубатуулукта суутек же тазартылган суу менен муздатылат. Турбогенератордун кубатуулугу жогорулаганда ага материалдардын чыгымдалышы да төмөндөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4