Мазмунга өтүү

Турганбаев Айбек Калмакович

Википедия — ачык энциклопедия

Турганбаев Айбек Калмакович (25. 10. 1965ж. т., азыркы Ысык-Көл обл., Тоң району, Бөкөмбаев айылы) - юрист, юстидиянын генерал-майору (2010).

КМУну бүтүргөн (1991). ЫсыкКөл обл. прокуратурада тергөөчү (1991-92), улук тергөөчү (1992-94), өзгөчө иштер боюнча тергөөчү (1994-95), КРдин Башкы прокуратурасында бөлүм башчы, өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчү (1995-2000), КР Президентинин администрациясында коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүм башчынын орун басары (2001-02), Жалал-Абад облусунун прокурору (2002-04), КР Аскер прокуратурасында бөлүмдүн начальниги (2004-05), КРдин Башкы прокуратурасында ыкчам издөө иштери жана тергөөнү ишке ашыруучу органдардын мыйзамдарды сактоосун көзөмөлдөө башкармалыгында начальник (2005-07), Бишкек шаарынын прокурору (2007-09), КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик жазаларды аткаруу башкармалыгынын (2009-жылдан КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик жазаларды аткаруу башкармалыгы) начальниги (2009-10), Убактылуу Өкмөттүн чечими менен КРдин Башкы жана Аскер прокурорунун орун басарынын милдетин аткаруучу (2010), 2011-жылдан Ош облусунун прокурору.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4