Мазмунга өтүү

Тургуналиева Тураргүл

Википедия — ачык энциклопедия

Тургуналиева Тураргүл Саймачы. 1962-ж. Бишкек шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. Экономист. Ал узчулукту 1985-жылдан баштаган. Аны энеси атактуу уз Жеңилдик нускалаган. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Тураргүл саймачылыгында көбүнчө «кыял оюмдарын» үлгүлөрүнүн көркөм каражаты катары пайдаланат да, ошонун тегерегинде өзөк чыгарып, тематика коюп, композиция түзүүгө аракеттенет. «Ала мончокту» - «сууну» арбын жүргүзүү аркылуу көркөм көчөттөр түшкөн табакчалардын жүзүн даана ачат. Уздун аздектеген экинчи көркөм каражаты «бадам оюму» болуп саналат. Авы «жарым элемент көчөт» да, «толук көчөт» катары да өзгөртүп, аны өзөк кылып, андан өзүнчө изденүү аркылуу көчөт-оюм чыгарат. Уз буюм-үлгүлөрүнө «илме дос» саймасын, «илме саймасын» учуктуу ийне аркылуу жүзөгө ашырат. Тураргүл бычмачылык-тикмечиликти саймачылык менен эриш-аркак узданат. Ал көбүнчө баш кийим тигет. Аларга түшкөн көркөм көчөттөр туштуктарына, баштыктарына окшошот. Эмгеги түстүү баттамада.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1989 ж. Орто Азия менен Казакстандын «Сүреттү өз алдынча сүйүүчүлөрдүн жана элдик жасалга-колдонмо өнөрүнүн Бишкек шаарындагы көргөзмөсү». «Бөдөнө», «Үкү», «Өзөн» аттуу тематикалуу сайма буюмдары үчүн ЭЧЖРКнүн I даражадагы диплому; 1990 ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Сайма аркылуу бүткөн көркөм үлгүлөрү менен катышкан; 1991 ж. Элдик кийим-кечектердик жана зер буюмдарынын республикалык кароо-сынагы. Баш кийимдери (3 тебетей, малакай) үчүн Кыргызстан Маданият министрлигинин I даражадагы диплому.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0