Тургунбаев Калыгул
Көрүнүш
Тургунбаев Калыгул (1932-ж.т., Айгыр-Жал айылы) - зергер.
Жез, калай, мельхиор, датчалбас өңдүү түстүү металлдардан кыз-келиндердин зер жасалгаларын жогорку чеберчиликте жасаган. Ал зергерчиликтин чегүү, куткундоо, “тогуз төбөлөө” сыяктуу ыкмаларын колдонот. Буюм четтерине “айчык”, “ийрек”, “тоок көз”, ортолоруна “жылдызча” сыяктуу зер оюм-чийимдерин түшүргөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6