Тургут Озал

Википедия дан
Turgut Özal cropped.jpg

Тургу́т Оза́л (түр. Halil Turgut Özal, 13 октябрь 1927 — 17 апрель 1993, Анкара) — түркиялык мамлекеттик жана саясий ишмер. Түркиянын сегизинчи президенти. Ал 1983 жылдан баштап 1991 жылга чейин бийлик кармап турган учурунда, экономикалык реформаларга себептүү — Түркиянын ИДП жогорку деңгээлге көтөрдү, ал ИДП Осмон империясынын 1908 жылдагы ИДП барабар.

Өмүр-баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Озал Тургут 1927 жылы октябрьдын 13 Малатья шаарында туулган. Анын атасы банк кызматчысы болгон, апасы Хафиза башталгыч класстарда мугалим болуп иштеген. Бир аз убакыттан кийин үй-бүлө Силифке көчүп барат. Бала кезинде Тургут учкуч болгусу келген. Бирок ал эшектен кулап, колуп сындырып алат, ошол травма кыялына жолто болуп калат. 1931 жылы үй-бүлө Согутка көчөт, ал жерде Тургут окуп баштайт. Атасынын жумушуна байланыштуу үй-бүлө дайыма көчүп жүрдү, ошонун натыйжасында Тургут толук орто билимди Мардинде алды. Жогорку мектепти Коньеде жана Кайсерде аяктады. Стамбул техникалык университетинде окуган, аны 1950 жылы бүткөн, билими боюнча — инженер.

Үй-бүлө[оңдоо | булагын оңдоо]

1952 жылга чейин Озал кыска мезгилдүү никеде турган. Озал, ажырашкандан кийин, Семре Озал кесиптешине үйлөндү. Алар үч балалуу болушту: Ахмет, Зейнеб, Эфе.

Саясий ишмердүүлүгүнүн башталышы[оңдоо | булагын оңдоо]

1950 жылдан баштап 1952 жылга чейин АКШда иштеген. Аскерде кызмат өтөгөндөн кийин Жакынчыгыш техникалык университетте дарс окуган. 1980 жылдын 14 сентябрында Бюлента Улус премьер-министрдин экономика боюнча кеңешчиси болот. 1982 жылдын 14 июлунда Озал кызматынан кетет. 1983 жылдын 20 майында «Ата мекен партиясы» аттуу партияны негиздейт. 1983 жылы парламенттик шайлоодо анын партиясы болгон 400 орундун 211 ээ болот. Тургут Озал Түркиянын кырк бешинчи премьер-министри болуп шайланат. 1987 жылдын шайлоосунда Озалдын партиясы 292 депутаттык мандатка ээ болот. Озал кайрадан премьер-министр кызматын ээлейт.

Ийгиликсиз кол салуу[оңдоо | булагын оңдоо]

1988 жылы 18 июнда «Ататүрк» спортивдик салондо «Ата мекен партиясынын» съезди учурунда Озалдын өмүрүнө Картал Демираг кол салды, эки жолу атып президенттин колун жарадар кылды. Ок атышуунун натыйжасында 18 адам жаракат алды. Жарадар болгондордун арасында премьер-министр Имрен Айкут дагы болгон. Сот Картал Демирагды өлүм жазага өкүм кылган, бирок кийинчирээк 20 жыл түрмөгө камоого алмаштырды. Озал президент болгон учурунда Картал Демирагды кечирген.

Президенттиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Түркиянын тарыхында алгач жолу шайлоодо экинчи тур өткөргөнгө туура келди. Биринчи турда Тургут Озал 247 добуш алса, анын каршысы Фетхи Челикбаш 18 алды. Экинчи турда Тургут Озал 256 добуш топтоды, анын каршысы 17.

1989 жылы 9 ноябрда Тургут Озал расмий түрдө Түркиянын сегизинчи президенти болду. Анын президент болгон учурунда региондо эң маанилүү окуя бул Кувейтти Ирак басып алганы. Тургут Озал Саддам Хусейнди Түркиянын коркунучу деп эсептечи. Бул жерде Озал АКШнын саясатын активдүү колдогон. Озал аскерлерди Мосулга жана Киркукка киргизем деген учурда, Түркиянын жогорку башкы командачы Неджип Торумтай мөөнөтүнөн мурун отставкага чыкты. СССР кулагандан кийин Озал Борбордук Азия өлкөлөрү менен жана Азербайжан менен байланыштарды ондогоно баштаган. Озал тышкы саясат концепцияны чыгарган, ал концепция боюнча Түркия регионалдык лидер болушу керек. Анын реформаларынын натыйжасында Түркия эң жогорку экономикалык ийгиликтерге жетти. Ал эркин базар экономиканын жактоочусу болчу.

Өмүрдүн аягы[оңдоо | булагын оңдоо]

1993 жылы 17 апрелде туура Азербайжанга болгон сапардан кийин Тургут Озал күтүүсүз миокарддын инфарктынан каза болду. Маркумдун аза зыйнатына Түркиянын бардык областарынан абдан көп адам келди. Траурдык церемония түз эфирде трансляцияланган. Джордж Буш улуунун келиши күтүлгөн. Озал аны Стамбулга көмгөнү суранган, анткени ал жарык дүйнөнүн аягына чейин Мехмет Фатихтин руханий колдочулугун астында жүргүсү келген. Озалдын жана Мендерестин мүрзөлөрү бир бирине жакын жайгашкан. 1996 жылдын ноябрь айында түрк ММК бир видео жарыялашты, ал видеодо күрд сепаратисттердин лидери Озалды түрк атайын кызматтар уулаган деп айтты, анткени 1993 жылдын 15 апрелинде Озал курддөр менен конфликтти жөнгө салууну макулдашкан жана ошол жөнүндө расмий түрдө туура 17 апрелде жарыялаганы болчу. Президенттин жесири иштин кайра каралышын талап кылган, бирок анын кайрылуусунун түбү чыккан жок.

2012 жылы 2 октябрда Стамбулда Тургут Озалдын өлүгүн уу издегени максатында эксгумациялоо башталды.

2012 жылы 2 ноябрда мындай маалымат жарыяланды: Тургут Озалдын ткандардын калдыктарын лабораториялык изилдөөсүнүн натыйжасында түрк медиктер сейрек учурай турган уулуу заттын калдыктарын табышты — ал стрихнин-кератин, жана мындай натыйжага келишти — Тургут Озал ууланган. Стрихнин боюнча маалымат расмий түрдө далилденген эмес. 2012 жылдын декабрдын ортосунда саясатчынын калдыктарында уулуу заттардын 4 түрлөрү тыбылды — америций, полоний жана ДДТ.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Тургут Озал