Усубалиев Турдакун Усубалиевич

Википедия дан
Турдакун, Усубалиев‎»‎ барагынан багытталды)
Усубалиев Турдакун Усубалиевич
Усубалиев Турдакун Усубалиевич
Желек
Желек
Кыргызстан КП БКнын 1-секретары
9 май 1961 жылы — 2 ноябрь 1985 жылы
Андан мурунку: Исхак Раззак уулу
Андан кийинки: Абсамат Масалы уулу
 
Туулган жылы: 6 ноябрь 1919 жылы
Туулган жери: с. Кочкор кыштыга, Нарын облусу, РСФСР
Каза болгон жери: Бишкек
Партиясы: ССКП
 
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Баатыры
Кыргыз Республикасынын Баатыры
1- даражадагы «Манас» орденинин ээси
1- даражадагы «Манас» орденинин ээси
Ленин Ордени Ленин Ордени Ленин Ордени
Октябрь революциясынын ордени
Октябрь революциясынын ордени
Эмгек Кызыл Туу ордени Достук ордени

Усубалиев Турдакун Усубалиевич (6-ноябрь 1919-жылы, Кочкор, Түркстан АССР — 7-сентябрь 2015-жылы, Бишкек, Кыргызстан) — мамлекеттик, партиялык саясий ишмер. Кыргызстан КП БКнын 1-секретары (1961.09.05 - 1985.02.11). Кыргыз Эл Баатыры, тарых илимдеринин кандидаты. Кыргыз Республикасынын Баатыры (1999). «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси, 3 Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Достук (РФ), 1-даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган.

Турдакун Усубалевич кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы, алдыңкы өнөр жай өлкөсүнө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө, ошондой эле Кыргызстанды жана анын борбор шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген. 1960–70-жылдары өлкөнү индустриалдаштыруу, машина куруу өнөр жайын өнүктүрүү, гидроэлектростанцияларды куруу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп. 150дөн ашык ири өнөр-жай имараттары, 511 миңден ашык көп квартиралуу үйлөр, борбор шаарда онкологиялык оорукана ишке киргизилген жана ар бир райондо райондук ооруканалар, маданият үйлөрү, китепканалар ачылган. Космосту изилдөө боюнча институт ачылып, айдын топурагын ала турган атайын аппарат жасалган. Токтогул ж. б. ГЭСтери, лампа, цемент заводдору курулуп, 1970–80-жылдары республикада 7 эт комбинаты иштеген жана жылына 25 миң тонна жогорку сапаттагы эт даярдалган жана койдун башы 12 млн жетип, өндүрүлгөн 40 миң тонна меринос жүнү союздук башка республикаларга жөнөтүлүп турган. Булардан тышкары азыркы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имараты, Өкмөт үйү, Борбордук китепкана, цирк, бир нече кичи райондор, «Манас» аэропорту сыяктуу ири курулуштар ишке киргизилген.

Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтун (1941), КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти (1945), В. И. Ленин атындагы Москва мамлекеттик пединститутун (1965) бүтүргөн.

1941-жылы Кочкор айылындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 1941–1945-жылдары Кыргызстан КП Кочкор райкомунун пропаганда жана үгүт бөлүмүнүн инструктору, 1945–1955-жылдары КПСС БКнын аппаратында жооптуу кызматта, 1955–56-жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинин редактору, 1956–1958-жылдары Кыргызстан КП БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы, 1958–61-жылдары Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун 1-катчысы, 1961–85-жылдары Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы. СССР Жогорку Советинин 5 жолку (1962–1984), Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку (1959–85), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (1990-жылдан) депутаты.

1-даражадагы «Манас», 4 Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ысымы Кочкор районундагы чарбага берилген.

Билими жана илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1919-ж. Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган.
  • 1938-1941-жж. Кочкор кыштагында мугалим, окуу иштери боюнча директордун орун басары
  • 1941-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн
  • 1945-ж. ВКП(б) БКнын алдындагы жогорку партиялык мектебин бүтүргөн
  • 1965-ж. Москвадагы В. И. Ленин атындагы педагогикалык институтун бүтүргөн.
  • 1977-ж. Тарых илимдеринин кандидаты
  • 2009-ж. Кыргызстан УИАсынын ардактуу академиги
  • 2013-ж. КУУ жана БГУнун ардактуу профессору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доктору.

Саясий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1941-ж. партиянын Кочкор райкомунда бөлүм башчынын орун басары

  • 1941-1945-жж. Кыргызстан КП БКнын (1941–45) инструктору
  • 1945-1955 КПСС БКнын инструктору
  • 1955-1956-жж. Республикалык «Советтик Кыргызстан» гезитинин редактору
  • 1956–1958-жж. Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы
  • 1958-1961-ж. Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун 1-секретары.
  • 1961.09.05 - 1985. 02.11 Кыргызстан КП БКнын 1-секретары.
  • 1985-ж. тартып пенсионер
  • 1961-ж. тартып КПССтин мүчөсү. 1985-ж. партиялык дооматтар менен 1985-ж. партиядан чыгарылган, бардык льготаларынан ажыратылган. Бирок КПСС БК бул чечимге макулдук берген эмес. 1988-ж. кайра Т. Усубалы уулу арызы каралып, коюлган дооматтардан акталып,партиядагы мүчөлүгү жана льготалары толугу менен калыбына келтирилген.
  • СССР Жогорку Кеңешинин 6-11 чакырылыштарын депутаты.
  • 1995-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-2 чакырылыштарында эл өкүлдөр жыйынын депутаты, депутаттардын ыйгарым укуктары, этика, жалпы маалымат каражаттары жана коомдук бирикмелер менен байланышуу комитетинин төрагасы.
  • 2008-ж. "Бирдиктүү Кыргызстан" партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири болгон.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Дружба народов - наше бесценное завоевание. Ф., 1977
  • Эпоха. Созидание. Судьбы: Книга воспоминаний Первого секретаря ЦК Компартии Киргизии в 1961–1985 гг. Б., 1995
  • Надо знать прошлое, чтобы не ошибиться в будущем. – Б., 1996
  • Как меня преследовали горбачевцы. Моральный и политический террор: Рассказ бывшего Первого секретаря ЦК Компартии Киргизии. Б., 1997.
  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”