Турдалиева Назгүл
Көрүнүш
Турдалиева Назгүл 1973-жылы 25-апрелде Сузак районунун Багыш айылында туулган.
- 1990-жылы Сузак районундагы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти, андан кийин Жалал-Абаддагы Коммерциялык институтунун Финансы жана кредит бөлүмүн аяктаган.
- 2009-2012-жылдары Бишкек шаарына караштуу Ленин райондук салык кызматынын киреше бөлүмүнүн жетекчиси, Ленин райондук салык декларацияларынын жана отчетторунун кайра иштетүү бөлүмүнүн башчысы,
- 2012-жылдан бери Бишкек шаарына караштуу Ленин районунун салык көзөмөлдөө жана текшерүү боюнча башкы инспектор болуп эмгектенет.
- Кыргыз Республикасынын Салык кызматында мыкты иш алып баргандыгы жана мамлекеттик казынага кирешени көбөйтүүгө кошкон салымы үчүн бир канча Ардак грамоталар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3