Турдубаев Маратбек
Көрүнүш
Турдубаев Маратбек 1969-жылы 7-мартта Сузак районунун Сафаровка айылында туулган.
- 1985-жылы Ф. Э. Дзержинский атындагы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош шаарындагы технологиялык техникумга тапшырып,
- 1990-жылы ийгиликтүү аяктайт.
- 1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат кылат.
- Эмгек жолун 1990-жылы Көк-Жаңгак шаарынын Ички Иштер бөлүмүндө, ППС милиционери болуп иштеп баштаган.
- 1994-жылы жаш өспүрүмдөр менен иштөө участкалык инспектор болуп дайындалып, милициянын лейтенантты наамын алып,
- 1996-жылга чейин кызмат кылат.
- 1996-2000-жылдары Жалал-Абад областтык Ички Иштер Башкармалыгынын Штабынын ага инспектору,
- 2000-2008-жылдары Баңгиликке каршы күрөшүү бөлүмүндө ага опер өкүл, өзгөчө маанилүү кылмыштар менен иштөө ага опер өкүлү, бөлүмдүн башчысы,
- 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын түштүк бөлүмүндө өзгөчө маанилүү кылмыштар менен иштөө ага опер өкүлү болуп кызмат кылып,
- 2010-жылы милициянын подполковниги чини менен ардактуу эс алууга чыккан.
- 2005-жылы Ош Мамлекеттик университетинин юриспруднеция бөлүмүн сырттан окуп аяктаган.
- Ошондой эле 2008-жылы Египет Мамлекетинин Каир шаарында оперативтик-иликтөө иштеринде тажырыйба алуу үчүн окуп келген.
- Кынтыксыз кылган кызматы үчүн «Азамат», «Каармандык» жана юбилейлик медалдар, «Мыкты опер өкүл», «Мыкты кызматкер» төш белгилери, бир канча Ардак грамоталар менен сыйланган.
- Милициянын подполковниги
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |