Турдубай уулу Кызгара
Турдубай уулу Кызгара (1880-1965) Зергер. Сокулук районундагы Жыламыш айылында төрөлгөн.
Атасы Эшкожо уулу Турдубай табып да, мүнүшкөр да, уста да болгон. Улуу сурнайчы Тураптын таасири менен беш уулунун кенжеси Кызгара комуз чертүүгө, кыяк тартууга назар таштайт. Анын зергер болушуна айылдашы Чал уста себепкер болгон. Чал устанын таалими менен кара темирди сугарууну мыкты билген. Кызгара комуз жасап черткен, кыяк жасап тарткан. Ал жыгаччылыкты, мүйүзчүлүктү, таш чегүүчүлүктү бирдей даражада өздөштүргөн. Мергенчилшти, мүнүшкөрдүктү, тайган агытуучулукту таасын билген. Бул өнөрлөрдү балдары таасын улашкан. Мындай көп кырдуу шыктарынын ичинен анын зергерчилиги жогору турган. Уста өчүрүлгөн көмүрдүн табын мыкты туйган. Алаа көөрүгүн үйлөткөн, кү-жү күйгүзгөн. Анын уздануусунда зер буюмдарын «тогуз төбөлөө», «чапкылоо», «тордоо», «себет төгүү» өңдүү ыкмалар болгон. Зергер абалак жасоодо көп кар баскан карт текенин мүйүзүн тандап, кол араа менен араалап, тегиздеген. Ага малдын майын калың сыйпап, таптуу отко кактаган. Мүйүз былпылдап жумшарганда суутпай туруп үстүңкү бетине бир аз чуңкурча болушу үчүн ага шынаа сымал жыгач коюп, тегиз эки жыгачтын ортосуна кыпчытып, кайыш же зым менен таңып, оор ташты үстүнө бир топ күнгө бастырган. Ошол калыбын сактаган мүйүздүн чеке-белдерин араалап, өгөөлөп, жонуп абалак түспөлүн берген. Чүкөнү атууга эптүү болушка мунун баш бармак, сөөмөй, ортон кармай турган эки четин араа, бычак менен «торчологон». Абалакты ар кандай өлчөмдө жасаган. Тарак жасоодо тоо текенин мүйүзүн кордолгон кыкка салып, аны бир күндөн кийин алганда, анын сырты күйүп, ичи былпылдап, бычак менен тилүүгө өтө оңтойлошуп калган. Мунун серт жерлерин кайрак таш менен жылмалап, учтарын чыгарган. Мүйүз тарактын чону 6x12 смге барабар. Тарак тиштеринин узундугу болжолдо 1,5 смдей болгон. Мүйүздүн чет-бучкагын чебер араалап, кадимки тарак түспөлүн бергенден кийин темир сызгычы аркылуу тарактын майда жана кезек тиштерин этиет сызып, ага кичинекей арааны кылдат жүргүзгөн. Ал таракты жеке эле мүйүздөн эле эмес, жаңгак, өрүк, арча өңдүү катуу жыгачтардан да кооздоп жасаган. Кызгара устанын мектебинен уулдары Кошалы, Бердалы, неберелери Дүйшөнкул, Бейшенкул таалим-тарбия алышкан. Эмгеги баттамада.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0