Мазмунга өтүү

Турдуке кызы Милия

Википедия — ачык энциклопедия

Турдуке кызы Милия Өрмөкчү, бычмачы-тикмечи. 1914-ж. Талас районундагы Үч-Кошой (Талды-Булак) айылында төрөлгөн.

Апасы Нурбүбү - термечи, кайын энеси - Сейилбүбү - иштүү («машиначы апа» деп тергешкен) аталат да, узга алар таалим-тарбия беришкен. Уз азыр Талас районундагы Чат-Базар айылында жашайт, Милиянын чеберчилигинде өрмөкчүлүк (кара терме, бир жүздүү терме, эки жүздүү терме) башкы орунда турат. Үлгү катары буюмдун эки тарабына бирдей көркөм көчөттү татаалдаштырып берүүдө ал өрмөктү күзүктөөдөн баштайт. Эки жүздүү термеге көркөм көчөт берүүдө кара жии эки курдай күзүктөлүп, анан бир курдай күзүктөлбөйт. Кийинкисинде ошол ак жип күзүктөлөт. Андан кийин кара жип зки ирет күзүктөлбөй өтөт да, эми ак жип кайра' күзүктөпөт. Ошол эле ак жип кийинки жолу кайрадан күзүктөлбөй калат. Мына ушундай ирээт каалаган өлчөмгө чейин кайталанат. Милия уук тизгичти, кереге чалгычты, саканак таңгычты, эшик боону эки жүздүү терме кылып согот. Эмгеги баттамада.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1976-ж. Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин Көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Терме шалчасы үчүн Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин II даражадагы диплому; 1978-ж. Фрунзе (Бишкек) шаарынын 100 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Чаяң түйүш чачыгы үчүн Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жайынын II даражадагы динлому.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0