Турдумбеков Абдырайым
Көрүнүш
Турдумбеков Абдырайым (1951-ж. туулган, Суусамыр өрөөнү, 8-Март кыштагы) - саламаттыкты сактоонун отличниги, жетекчилик кызматтарды аркалайт.
- Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун педиатрия факультетин бүтүргөн (1976).
- Эмгек жолун Сокулук районундагы «Победа» колхозунда колхозчу болуп баштаган.
- 1977-жылдан 1990-жылга чейин Ош облусунун Араван районунда райондук ооруканада врач, бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.
- 1990-жылдан 2005-жылга чейин Ысык-Ата райондук ооруканада башкы врачтын орун басары, 2005-жылдан Республикалык балдардын психиатрия ооруканасында башкы врач.
- Кыргыз Республикасынын жана Саламаттык сактоо министирлигинин Ардак грамоталары жана төш белгилер менен сыйланган.
- Теги суусамырлык, жаныш уруусунан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9