Мазмунга өтүү

Турмуш-тиричилик

Википедия — ачык энциклопедия

Турмуш-тиричилик - күндөлүк турмуш тартиби, ирети (коомдук, улуттук, шаардык, кыштактык, үй-бүлөлүк, жеке адамдык Турмуш-тиричилик).

Адамдардын материалдык муктаждыктарын (тамак-ашка, кийимге, турак жайга, ден соолугун сактоого), о. э. рухий байлыктарга, маданиятка ээ болуу, эс алуу, көңүл ачууну камтуучу өндүрүштөн тышкары чөйрө.

Турмуш-тиричилик материалдык өндүрүшкө, коомдук мамилелерге, маданий деңгээлге, географиялык шартка жараша түзүлөт жана өзгөрөт, о. э. адамдардын тиричилигинин бөлөк жактарына инсандын калыптануусуна зор таасирин тийгизет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9