Турнабай (дүрбү)

Википедия дан

Турнабай (дүрбү) – алыскы предметтерди эки көз менен карап байкоого мүмкүндүк берүүчү, о. эле бурчтарды жана аралыктарды өлчөөчү прибор.

Ал оптикалык октору өз ара параллель болгондой бириктирилген эки көрүү түтүгүнөн турат. Тдын оптикалык системасы бири бирине жабыштырылган эки линзадан – жыйноочу объективден жана окулярдан турат. Турнабайдын негизги мүнөздөмөлөрүнө – чоңойтуусу, көрүү талаасынын бурчу, ажыратуу жөндөм-дүүлүгү кирет.

Алыскы предметтин объективдин фокалдык тегиздигинде же ага жакын жайгашкан чыныгы, кичирейтилген жана тескери сүрөттөлүшүн Турнабайдын окулярынан лупадан карап көргөн сыяктуу эле көрүүгө болот. Кеплердин түтүгүнүн тибиндеги көрүү түтүктөрү бар Турнабайда окуляр да жыйноочу система болуп саналат жана ал берген сүрөттөлүш тескери болот. Түз сүрөттөлүштү алуу үчүн объектив менен окулярдын арасына айландыруучу системаны, мис., Малофеев–Порронун системасын орнотушат. Ал чагылдыруучу эки граны өз ара 90° тук бурч түзгөндөй абалда жайгаштырылган тик бурчтуу эки айнек призмадан турат. Мындай система куралдын жалпы узундугун бир топ кыскартууга да жол берет. Бул типтеги Турнабайды көбүнчө призмалуу Турнабай деп аташат. Турнабайдын көрүү түтүктөрүнүн биринин сүрөттөлүш пайда болуучу фокалдык тегиздигине атайын торчо жайгаштыруу менен бурчтарды жана аралыктарды өлчөсө болот. Бул типтеги Турнабайлар адатта 10°, 8° 30′ жана 4° көрүү бурчтарында тиешелүү түрдө 6, 8, 15 эсе чоңойтот.

Галилейдин түтүгүнүн тибиндеги көрүү түтүктөрү бар Турнабайда окуляр катары чачыратуучу линза кызмат кылат. Мындай Турнабай жалган (мнимый) жана түз сүрөттөлүш берет, бирок анын көрүү бурчу чектелүү болгондуктан, чоңойтуусу көбүнчө 2 ден 4 эсеге чейин болот.

Турнабай аркылуу байкоо көздөрдүн чарчоосун азайтат жана стереоскоптук көрүүнүн радиусун чоңойтуунун эсебинен ар түрдүү аралыкта жайгашкан предметтерди кабыл алууну жеңилдетет. Турнабайдын стереоскоптук радиусу 1350 м болгон куралданбаган көздүн стереоскоптук радиусун чоңойтуу жөндөмдүүлүгү анын пластикалуулугу деп аталат. Турнабай аркылуу караган кезде объективдердин окторунун арасындагы аралык эки көздүн окторунун арасындагы аралыктан канча эсе чоң болсо, стереоскоптук көрүүнүн радиусу ошончо эсе чоңоёт. Объективдери алыстатылган Турнабайдын пластикалуулугу 2ге жакын чоңдукка жете алат, б.а. стереос-коптук көрүүнүн радиусу 2,7 кмге че-йин чоңоёт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]