Турсуниязов Орозбек
Турсуниязов Орозбек (1943, Акталаа району - 2001, Бишкек ш.) - ырчы, композитор. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
- 1962-ж. П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын алдындагы музыкалык окуу жайынын вокалдык бөлүмүнө кирген.
- 1972-ж.Гнесиндер атындагы Москва музыкалык-педагогика институтун бүткөн.
- 1972-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында солист,
- 1973-87-ж. Кыргыз телерадиокомитетинде, 1987-жылдан Кыргызстан композиторлор союзунда иштеген.
Музыкага шыгы эрте байкалып, 1956-жылдан республикалык балдар хорунда (С. Юсупов жетектеген) ырдаган.
1958-ж. хордун курамында Кыргыз адабияты жана искусствосунун Москвада өткөн ,2-декадасына катышкан. Вокалдык жана вокалдык-симфониялык, камералык-аспаптык жана камералык-вокалдык жанрларда ийгиликтүү эмгектенген.
«Гүлдө, шандан Кыргызстан», «Фрунзем», «Күтөмсени» «Сата» ж. б. ыр-хорлору, «Махабат» аттуу романстар цикли, фортепьяно үчүн, виолончель жана фортепьяно үчүн күүлөрү, «Согушка наалат», «Болбосун согуш», «Ук, планета» аттуу токалдык-симфониялык балладалары, «Эмгек кубанычы» симфониялык увертюрасы ж. б. чыгармалары белгилүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.