Турсунова, Сабира

Википедия дан

Турсунова Сабира (1908, Ак-Өлөң айлы, азыркы Тоң району — 1970, Бишкек ш.) — Кыргызстанда Кеңеш бийлигин чыңдоого активдүү катышкандардан.

1930-жылдан КПССтин мүчөлүгүнө кандидат, 1940-жылдан КПСС мүчөсү, 1918—24-ж. Түптөгү жетим балдар үйүндө тарбияланып, билим алган.
1925— 29-ж. Күн чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин (КЭКУ) бүткөн.
1925-ж. ВКП(б)нын 14-курултайында Кыргызстандык эмгекчи аялдардын атынан куттуктоо сөз сүйлөгөн.
1929-ж. КЭКУну бүтүргөндөн кийин партиянын Кыргыз обкомунда жумушчу жана дыйкан аялдар бөлүмүндө иштейт.
1929-ж. Кыргызстан Борбордук Аткаруу комитетине мүчөлүккө шайланган.
Кызыл-Кыяда аялдар советин, Суусамырда жаштар уюмун, жайлоо советтерин уюштурган.
1929—30-ж. Ташкенде Орто Азия Коммунисттик университетинде, 1931-ж. анын аспирантурасында окуган.
Кыргыз обкому Турсунованы аспирантурадан чакыртып келгенден кийин ал Республиканын аялдар бөлүмүнүн ишине активдүү катышкан.
1932-ж. ВКП(б) БК Орто Азия бюросунун аялдар бөлүмүнүн инструктору болгон.
1933—35-ж. Бишкектеги Жогорку коммунисттик айыл чарба мектебинде окутуучу.
1934-ж. «буржуазиячыл улутчул Абдрахманов менен байланышта» деген жалаа менен партиянын кандидаттыгынан чыгарылат. Ал партиянын кандидаттыгынын катарынан 2 жолу чыгарылып, кайра 2 жолу калыбына келтирилип, акыры 1940-ж. КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынат. Кийин Чоң-Алай, Ысык-Көл, Тон, Тогуз-Торо райондорунда мектептин директору, мугалим, аялдар советинин төрагасы, Каракол педагогикалык окуу жайында, мугалимдер институтунда (марксизим-ленинизм негиздеринен лекция окуган) иштеген.
1951—52-ж. Каракол шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болгон.
1952—68-ж. Мургаб (Тажикстан), Алайкуу, Тянь-Шань райондорундагы мектептерде мугалим болуп иштеген.
1968-ж. персоналдык пенсияга чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.