Турсунова Салтанат Аскаровна
Турсунова Салтанат Аскаровна (26. 12. 1952ж.т., Ош ш.) - экономист, экономика илим. доктору (1996), проф (2001).
КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2007). 1970-ж. КМУну бүтүргөн. 1976-79-ж. Кыргыз ССР ИАда аспирант, 1980-86-ж. кенже, 1986-88-ж. улук илимий кызматкер, 1988-93-ж. бөлүм башчы, 1993-98-ж. КУУда доцент, кафедра башчысы, 1993-99-ж. КР Президентине караштуу Башкаруу академиясында проф., экономика жана башкаруу ф-нин деканы, 1999-2004-ж. КУУнун эл аралык билим берүү программасынын Интеградия Институтунда директордун орун басары, 2004-08-ж. директор, 2008-09-ж. КУУнун илимий иштер жана инновация боюнча проректору, Чүй университетинин ректору, 2009-12-ж. КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында кафедра башчысы, 1912-жылдан окуу иштери боюнча проректор.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4