Мазмунга өтүү

Туруктуу валюта

Википедия — ачык энциклопедия

Туруктуу валюта - дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө кеңири колдонулган күчтүү, туруктуу акча; Туруктуу валюта алтын же башка баалуулуктар менен камсыз кылынган.

Азыркы учурда көпчүлүк мамлекеттерде Туруктуу валюта катары АКШ доллары, евро, япон йени кабыл алынган. Туруктуу валюта валюталык алмашуу операцияларын жүргүзүүдө чектелбеген соода мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Бардык өлкөлөрдө, эркин сатуу-сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз болгон. Экон. мазмуну боюнча туруктуу валютага бардык учурда суроо-талап жогору болот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4