Тур сүрөсү

Википедия дан

* 52- сүрө «Тур[1]»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Меккеде түшүрүлгөн. Кырк тогуз айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Тур тоосуна ант!
  • 2. Жана жазылган Китепке ант!
  • 3. Териге жазылганга[2] ант!
  • 4. Тургузулган үйгө[3] ант!
  • 5. Көтөрүлгөн шыпка[4] ант!.
  • 6. Жагылган деңизге[5] ант!
  • 7. Чындыгында Эгеңдин азабы орундалат.
  • 8. Аны токтотуучу (күч) жок!
  • 9. Ал Күнү[6] асман катуу силкинет.
  • 10. Тоолор ордунан жылат[7].
  • 11. Акыйкатты жалган дегендерге[8] ал Күнү азап (болсун)!
  • 12. Алар бузуктукка чумкуп, ойун[9] кылышкан.
  • 13. Ал Күнү алар Тозокко айдалышат
  • 14. “Мына, силер жалган деген От!” (деп айтылат).
  • 15. Бул силерге сыйкырбы, же көрбөйсүңөрбү[10]?
  • 16. Тозокко күйгүлө! Чыдасаңар да, чыдабасаңар да – силерге баары бир (эмеспи). Албетте, жасаган иш-амалыңардын жазасын гана тартасыңар!
  • 17. Чындыгында, такыбалар бакчаларда[11] жана ырахатта (болушат).
  • 18. (Алар) Эгеси берген жакшылыктын даамын татышат. Аларды Эгеси Тозок отунан сактайт.
  • 19. Жасаган жакшы амалдарыңар[12] себептүү: «Жегиле жана ичкиле, (тамагыңар) татуу болсун!»
  • 20. Тизилген мамыктарда жөлөнгөн абалда (олтуруп)». Биз аларды кара көз үр кыздарга үйлөндүрөбүз.
  • 21. Ыйман келтиргендердин урпактары да ыйман келтирип, аларды ээрчишсе, аларды ошол урпактарына кошобуз. Биз алардын амалдарын[13] кымындай да азайтпайбыз. Ар ким өзү жасаган иш үчүн күрөөгө койулган.
  • 22. Биз аларга өздөрү каалагандай жемиш менен этти мол беребиз.
  • 23. Алар бири-бирине суусундуктарды сунушат. Ал жерде[14] пайдасыз жана күнөөлүү сөз сүйлөнбөйт.
  • 24. Аларга тизилген бермет сыйактуу жигиттер айланып, кызмат кылышат.
  • 25. Алар бетме-бет (олтуруп) бири-биринен сурашат:
  • 26. «Чындыгында, биз мурда үй бүлөлөрүбүз менен чогуу коркчу элек[15],
  • 27. Ошондуктан Алла бизди ийгиликке жеткирип, заардуу азаптан сактады.
  • 28. Биз мурда ага жалбарчу элек. Анткени Ал[16] – Жакшылык кылуучу, Ырайымдуу» .
  • 29. Ошондуктан эскерт[17]. (Анткени) сен[18], Алланын жакшылыгы менен көзү ачык да, жинди да эмессиң[19].
  • 30. Же алар: «Ал – бир акын. Ошондуктан ага жаман учурдун келишин күтө туралы[20]!» - дешет.
  • 31. Айткын: «Күтө бергиле! Мен да силер менен бирге күтөмүн!»
  • 32. Аларды акылы ушул нерсеге буйруп жатабы, же алар чектен ашкан коомбу?
  • 33. Же алар: «Аны[21] өзү ойлоп тапкан» – дешеби? Жок! Алар[22] ишенишпейт[23]!
  • 34. Эгер алар чындыкты айтып жатышса, ушуга окшош Сөз[24] жаратышсын[25]!
  • 35. Алар[26] Жаратуучусуз[27] жаралышканбы, же өздөрү Жаратуучубу?!
  • 36. Асмандар менен жерди эмне, алар жаратышканбы?! Жок! Алар[28] ишенишпейт[29]!
  • 37. Же Эгеңдин казыналары алардын карамагындабы? Же алар өкүмдарбы?!
  • 38. Же аларда чыгып тыңшоочу[30] шатылары барбы? Андай болсо, алардын тыңшоочулары анык[31] далил келтиришсин!
  • 39. Же кыздар Аныкы[32], уулдар – силердикиби[33]?
  • 40. Же алардан сен акы сурап жатасыңбы? Анан аларга акы төлөө оор келдиби?!
  • 41. Же алардын кайыптан маалыматы бар болуп, алар ошону жазып жатышабы?
  • 42. Же алар митайым-куулук кылууну каалашабы? Каапырлар өздөрү – алданып калуучулар.
  • 43. Же алардын Алладан башка кудайы барбы?! Алла алар ойлоп тапкан шериктерден Аруу, Таза.
  • 44. Эгер асмандын бир бөлүгүнүн кулап баратканын көрүшкөн болсо: «Бул – булуттардын үймөгү» , – деп айтышмак.
  • 45. Алар өздөрү кыйрай турган Кыйамат Күнүнө жолукканга чейин жөн жайына кой.
  • 46. Кыйамат Күнү аларга куулугу эч кандай жардам да бербейт. Аларга жардам да берилбейт.
  • 47. Зулумдук кылгандарга[34] мындан да башка азап (бар). Бирок алардын көбү билишпейт[35].
  • 48. Эгеңдин өкүмүнө сабыр кыл. Анткени сен Биздин көз алдыбыздасың. Турган[36]Бул сөз эки мааниге ээ: 1) уйкудан турган кезде, 2) намазга турган учурда учуруңда Эгеңди мактоо менен аруула!
  • 49. Аны[37]Алла Тааланы түндүн бир бөлүгүндө жана жылдыздардын артынан[38] жылдыздар тарай баштаган тахажжут намазы учурунда (намаз, Куран, зикр аркылуу) да аруула!
  • [1] Тур – Тур тоосу
  • [2] Куранга, Тооратка
  • [3] Асмандагы Кааба
  • [4] асманга
  • [5] Таквиир сүрөсүнүн 6-айатын караңыз
  • [6] Кыйамат Күнү
  • [7] козголот
  • [8] каапырларга
  • [9] Ыйык Китепти – Куранды өздөрү түшүнбөй туруп, түшүнгөндөй түр менен, билип-билбей сөз б.а. эрмек кылышат.
  • [10] болуп жаткан окуйанын түпкү маңызын
  • [11] Бейиште
  • [12] Дүйнөдөгү
  • [13] соопторун
  • [14] Бейиште
  • [15] күнөө кылуудан
  • [16] Алла
  • [17] Эй, Мухаммед! Адамдардын баарына, Бейиш, Тозок тууралуу айт, эскерт, түшүндүр, жакшылыкка чакыр, жамандыктан кайтар!
  • [18] Эй, Мухаммед!
  • [19] Айрым каапыр жана мушрик курайшиттер пайгамбарыбызды (а.с) «көзү ачык», «жинди» деп шылдыңдашкан. Бул айат болсо ошол караңгы каапыр-мушриктерге Алланын жообу.
  • [20] Каапырлар: «Акыры бир күн пайгамбардын акындыгы билинип, уйат болот» , – деп арам ойго алдырышкан.
  • [21] Куранды
  • [22] каапырлар
  • [23] Аллага, Куранга, пайгамбарга ыйман келтире алышпайт. Анткени Биз алардын жүрөгүнө мөөр басып койгонбуз.
  • [24] Куранга теңдеш келе турган Китеп тууралуу сөз болууда
  • [25] алып келип көрсөтүшсүн
  • [26] каапырлар
  • [27] өзүнөн-өзү эле, Жаратуучусу жок эле
  • [28] каапырлар
  • [29] Аллага, Куранга, пайгамбарга ыйман келтире алышпайт. Анткени Биз алардын жүрөгүнө мөөр басып койгонбуз.
  • [30] Алланын алдындагы сырларды
  • [31] Куран сыйактуу
  • [32] Алланын
  • [33] Мушрик арабдар: «Кудайдын кыздары» , - деп периштелерди аташкан
  • [34] Каапырларга, мушриктерге, мунафыктарга …
  • [35] алдыда азап күтүп турганын
  • [36] Бул сөз эки мааниге ээ: 1) уйкудан турган кезде, 2) намазга турган учурда
  • [37] Алла Тааланы
  • [38] жылдыздар тарай баштаган тахажжут намазы учурунда (намаз, Куран, зикр аркылуу)