Тутандыруучу потенциал
Тутандыруучу потенциал – газда өз алдынча разряддын башталышы үчүн керек болуучу, электроддордун арасындагы эң кичине потенциалдар айырмасы.
Өз алдынча разряд электроддордун арасындагы аралыкта жүрүүчү иондошуу процесстеринин жана оң иондор катодго жетип, андан электрондорду согуп чыгаруусун шарттаган электрондук эмиссиянын эсебинен кармалып турат. Бул процесстердин ин-тенсивдүүлүгү электроддордун арасындагы потенциалдар айырмасынын чоңоюшу менен өсөт. Тутандыруучу потенциал ар бир заряддалган бөлүкчө өзү «жок болуп кеткенге» чейин өзүндөй эле бөлүкчөнү жарата алышы үчүн иондошуу процессинин интенсивдүүлүгү жетиштүү болгон потенциалдар айырмасына барабар. Тутандыруучу потенциалдын чоңдугу газдын табиятына жана P басымына, электроддордун материалына, формасына, бетинин абалына жана алардын арасындагы d аралыкка көзкаранды. Бир тектүү электр талаасында Тутандыруучу потенциал электрондордун арасындагы газдын атомдорунун жалпы санына, б. а. Pd көбөйтүндүсүнө көзкаранды (к. Пашен закону). Тутандыруучу потенциалдын чоңдугуна а түгүл системаны түзүп турган негизги газга өтө аз сандагы аралашмалардын кошулушу, о. эле катоддун бетинде башка тектеги атомдордун жука катмарынын пайда болушу да күчтүү таасир тийгизет. Сырткы иондоштургуч факторлордун (мис., радиоактивдүү нурлануунун) разряддык аралыктагы же электроддордун беттериндеги аракети Тутандыруучу потенциалды төмөндөтөт (к. Газдардагы электр тогу).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0