Туташ спектр

Википедия дан

Туташ спектр (үзгүлтүксүз спектр) − энергиянын бөлүштүрүлүшү нурлануунун жыштыгы ν га көзкаранды болгон ϕ(ν), же толкун узундугу λ га көзкаранды болгон f(λ) үзгүлтүксүз функциясы менен мүнөздөлүүчү электр-магниттик нурлануу спектри. Т. с. үчүн ϕ(ν) [же f(λ)] функциясы ν жыштыктын (же λ нын) жетишээрлик кең диапазонунда аз өзгөрөт жана ушунусу менен сызыктуу, о. эле тилкелүү спектрлерден айрымаланып турат (сызыктуу жана тилкелүү спектрлер үчүн ϕ(ν) жыштыктын ν=ν1, ν2,, ν3, … дискреттүү маанилеринде ачык байкалган максимумдарга ээ, мында максимумдар спектрдик сызыктар үчүн өтө кууш, ал эми спектрдик тилкелер үчүн кеңирирээк). Көзгө көрүнүүчү жарыкты спектрдик приборлордун жардамы менен ажыратууда Туташ спектр үзгүлтүксүз тилке (визуалдык байкоодо же фотокаттоодо) же жай өзгөрүүчү ийри (фотоэлектрдик каттоодо) түрүндө алынат.

Туташ спектр нурланууда жана о. эле жутулууда байкалат. Туташ спектрге мисал катары абсолюттук кара нерсенин Планк нурлануу закону менен туюнтулган, жыштыктын кеңири диапазонун камтыган жана энергиянын үзгүлтүксүз бөлүштүрүлүшү менен мүнөздөлгөн нурлануу спектрин кароого болот.

Квант теориясына ылайык Туташ спектр жок дегенде бирөөсү деңгээлдердин үзгүлтүксүз удаалаштыгына таандык болгон энергия деңгээлдеринин эки көптүгүнүн арасындагы кванттык өтүүлөрдө пайда болот. Туташ спектрге суутектин атомунун башкы кванттык саны n дин маанилери ар түрдүү болгон дискреттүү энергия деңгээлдери менен ионизация чегинен жогору жайгашкан энергия деңгээлдеринин үзгүлтүксүз көптүгүнүн ортосундагы өтүүлөрдө (эркин-байланган өтүүлөр) алынган спектр мисал боло алат; жутулууда Туташ спектр суутек атомунун иондошуусуна (электрондун байланган абалдан эркин абалга өтүүлөрү), нурданууда – электрон менен протондун рекомбинациясына (электрондун эркин абалдан байланган абалга өтүүлөрү) туура келет. Тормоздук нурланууга (ага карама-каршы процесс – жутулууга) туура келүүчү жана үзгүлтүксүз энергиялуу ар башка эки зонанын ортосундагы өтүүдө да Туташ спектр пайда болот. Ал эми ар башка эки дискреттүү энергия деңгээлдеринин ортосундагы өтүүдөн сызыктуу спектр пайда болот.

Көп атомдуу молекулалардын Туташ спектрлери бири бирине жакын жаткан дискреттик спектр сызыкчаларынын өтө жыштыгынан улам алардын бири бирине кабатталып калышынан да пайда болот. Мындай учурда колдонулуучу спектрдик аспаптардын ажыратуу жөндөмдүүлүгүнүн начарлыгынан сызыктуу жана тилкелүү спектрлердин сызыктары жана тилкелери бири биринен бөлүнбөстөн, алынган спектр Туташ спектр түрүндө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]