Мазмунга өтүү

Туташ чөйрөнүн механикасы

Википедия — ачык энциклопедия

Туташ чөйрөнүн механикасы – газдардын, суюктуктардын, плазманын жана деформацияланган катуу нерселердин кыймылын жана теңсалмактуулугун үйрөтүүчү механиканын бөлүмү.

Туташ чөйрөнүн механикасы негизги божомолдору: заттын молекулалык (атомдук) түзүлүшүн эске албастан аны үзгүлтүксүз туташ чөйрө катары караганда жана бир эле убакта анын бардык мүнөздөөчүлөрү (бөлүкчөлөрдүн тыгыздыктары, чыңалуулары, ылдамдыктары ж. б.) чөйрөдө үзгүлтүксүз бөлүштүрүлгөн деп эсептегенде турат. Бул божомолдор теориялык жана эксперименталдык изилдөөлөрдө каралуучу бөлүкчөлөрдүн өлчөмүнө салыштырмалуу молекулалардын өлчөмдөрү өтө эле кичине болгондугунун негизинде, үзгүлтүксүз функциялар үчүн жакшы иштелип чыккан жогорку математиканын аппараттарын Туташ чөйрөнүн механикасында колдонууга жол берет.

Туташ чөйрөнүн механикасында ар кандай туташ чөйрөнү окуп-үйрөнүүдө: 1) механиканын негизги зкондору катары алынган чөйрөнүн кыймылынын же теңсалмактуулугунун теңдемеси; 2) массанын сакталуу законунун натыйжасы болуп саналган чөйрөнүн үзгүлтүксүздүк теңдемеси; 3) энергиянын сакталуу закону эске алынат. Туташ чөйрөнүн механикасы физиканын жана техниканын түрдүү тармактарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]