Тууроо

Википедия дан

Тууроо - эстетиканын тарыхында искусствонун маңызын жана Болмушту чагылдыруу милдетин туюндуруу үчүн кеңири колдопулуучу тушүнүк.

Тууроо идеясы антикалык эстетикада ар тараптан иштелип чыккан. Аны адегенде Демокрит айтып, Сократ, Платон, Аристотель ж. б. өнүктүргөн. Антикалык эстетикада мимезис көбүнчө жаңы нерсе жаратуучу чыгармачыл процесс эмес. болмуштагы нерсени гана капталоо болгон. Орто кылымда Тууроо идеясы диний мазмунга ээ болгон. Тууроо принцибин чыгармачылыктын принциби катары кароо Кайра жаралуу доорунун ойчулдары менен художниктеринен башталат. Кайра жаралуу доорунун эстетикасында художник табпятты «кайра жаратуу», купулга толорлук кылып өзгөртүү кудуретине ээ. Эстетиканып өнүгүшүнүн кийинки этаптарында Тууроо принциби бирде сындалса, бирде колдоого алынып келген. Марксчыл эстетика Тууроо концепциясындагы көркөм чыгармачылыкты диалек. түшүнүүнүн элементтери катары белгилеп, бирок тарыхый чектелгендигин айкындап, искусствону болмуштун чагылышы деп карайт

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.