Тухсы тыйындары

Википедия дан

Тухсы тыйындары – Жети-Сууда жашаган, түргөштөргө баш ийген түрк уруусу тухустардын (тухсы) тыйындары. М. Н. Федоровдун айтымында Тухсы тыйындарынын бир нече түрү кездешет. Мисалы, айрым тыйындардын салмагы 1–2,5 гр, диаметри 15–20 мм. Аверсинде «Мырза түргөш каганы. Фан», реверсинде тухсы бийлөөчүлөрүнүн уруулук тамгасы түшүрүлгөн. Тамганын жанында «тухсы падышасы (башкаруучу)» деген согду жазуусу бар. Тыйындарда түргөш кагандарынын ысымдары урматталып эскерилген. Кездешкен дагы бир тыйындардын салмагы 0,3–0,8 гр, диаметри 10–12 мм, аверсинде «тухсы падышасы» же «тухсы тегини» деген жазуу, анын жанында үчилик тамгасынын бир варианты жайгашкан. Реверсинде жазуу жок.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]