Тухтаматов Бахтияр
Тухтаматов Бахтияр (15. 2. 1951-ж. т„ Ош ш.) - маданият кызматкери. КРдин маданиятына эмгеги сиңирген ишмер ишмер (1994), КРдин эл артисти (2003).
Анжиян педагогика институтун 1973-ж. бүтүргөн, ошол эле жылы Фрунзе атындагы орто мектепте эмгек жолун баштаган. 1976-87-ж. Ош өзбек мызкалык драма театрында музыка бөлүмүнүн инспектору, башкы администратор, кийин директордун орун басары, 1989-жылдан директору. Киров атындагы Ош өзбек мызкалык драмы театры - Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек акад. мызкалык драма театры деп аталышына Тухтаматовдун кошкон салымы зор. Ош шаарынын жерг. кеңешинин депутаты (2011).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4