Туюк суусу

Википедия дан
Туюк (дарыя)‎»‎ барагынан багытталды)

Туюк суусуЫсык-Ата суусунун оң куймасы. Узундугу 30 км, алабынын аянты 190 км2. Суу Кыргыз Ала-Тоосун дагы Туюк ашуусунун сол тарабындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу агат. Алабынын деңиз деңгээлинин бийиктиги 3200 м. 16га жакын чакан куймасы бар; эң ириси–Көкмойнок (21 км), ал мөңгүдөн башталып,Жашылкөл, Аккөл, Каракөл, Көкмойнок көлдөрү аркылуу агып өтөт. Куралуу облусуна кирет. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 2,60 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы январь–февралда байкалат. Өрөөнү жайыт. Сугатка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]