Тынаев Жамаке

Википедия дан

Тынаев Жамаке (1933-ж. т., азыркы Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Оргочор айылы - 1986, ошол эле жер) - малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1981), Кыргыз.

ССР мамлекеттик сыйл. лауреаты. (1978). Кырг. ССРинин мал чарбасына эмгеги сиңирген ишмер устат (1980). 1948-жылдан Оргочор кой чарба тажрыба станциясында чабандын жардамчысы, 1951жылдан баш чабаны болуп иштеген. 1981-ж. ар жүз тубар койдон 150 козу, ар койдон 5,0 кгдан жүн кыркып алган. 1975-86-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4