Тынчтык келишими
Көрүнүш
Тынчтык келишими – согуш абалын юридикалык жактан токтотуучу жана согушуп жаткан мамлекеттердин тынчтык мамилелерин калыбына келтирүүчү эларалык келишимдин түрү. Эреже катары, Т. к. согуштук аракеттерди токтотууга, аймактык маселелерди жөнгө салууга, согуш келтирген зыяндарды калыбына келтирүүгө, согуш туткундарын кайтарып берүүгө, согуш кылмышкерлерин жоопко тартууга ж. б. токтом чыгарат. Т. к. прелиминардык (адепки) же биротоло бүткөн болуусу мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7