Тынчтык манифести

Википедия дан

Тынчтык манифести - 64 коммунисттик жана жумушчу партиялардын өкүлдөрүнүн 1957-ж. ноябрда Москвада өткөн кеңешмесинде кабыл алынган документ.

Ал бардык өлкөлөрдүн ак ниет адамдарынын динине, саясий көз карашына карабастан жаңы күч менен термоядролук согушту алдын алуу чакырыгы менен кайрылган. Манифест бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкчыл күчтөрдү жарыша куралданууну, ядро куралдарын жасоону, сыноону жана колдонуупу токтотуу үчүн; башка өлкөлөрдүн аймагында чет элдик согуш базаларын жана согуш блокторун жоюу үчүн; Ж. жана О. Чыгышта империалисттердин шимшүүлөрүн, иштеп жаткан согуштук провокадияларын жана германдык милитаристтердин кайрадан куралдануусун токтотуу үчүн; коллективдүү коопсуздук саясатын колдоо, коомдук системасы ар башка мамлекеттердин элдерин кедири экономикалык жана маданий кызматташтыкта, тынчтыкта жанаша жашоосу үчүн күрөшүүгө чакырат. Тынчтык манифестин марксчыл-ленинчил бардык партиялар жактырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.