Тыт

Википедия дан
Тыттар‎»‎ барагынан багытталды)
Morus alba.

Тыт (лат. Morus, L. 1753)) - тыттар тукумундагы дарак. Гүлү айрым жыныстуу, эки же бир үйлүү. Мөмөсү ширелүү, өңү ак, кызыл, көгүш.

Дүйнөдө 20дан ашуун түрү белгилүү. Борбордук Азияда 2 түрү - ак жана кара тыт дарагы өсөт. Негизинен ак тыттын сорттору (кайчы тыт, хасак тыт, зафир тыт ж. б.) өстүрүлөт. Жалбырагы тыт жибек куртунун негизги тоюту. Кооз сорттору жашылдандыруу үчүн пайдаланылат. Кургакчылыкка, шорго, ысыкка өтө чыдамдуу келип, чөлдүү жерлерде жакшы өсөт. Ак тыт Кыргызстандын түштүгүндө көп өстүрүлөт. 150 жылга чейин өскөн тыт дарактары бар. Негизинен уругунан жана калемчесинен көбөйтүлөт. Кара тыт дарагы желүүчү мөмөсү үчүн өстүрүлөт. Жыгачынан жыгач буюмдары жасалат. Тыт дарагынын илдеттери: бактериоз, чаңгыл кебер, тамыр чириги жана башка зыянкечтери: комсток курту, тыт сөөмчүлү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]