Тышкы күчтөр
Тышкы күчтөр - жер бетиндеги же жер кыртышынын анча терең эмес бөлүгүндө болуп жаткан экзогендик процесстерге таасирин тийгизип жаткан күчтөр.
Ал процесстер негизинен күн энергиясына, оордук күчүнө, организмдердин иш-аракеттерине байланыштуу болот. Тышкы күчтөрдүн таасиринен тоотектер үбөлөнүп (талкаланып), аларды түзгөн минералдар хим. өзгөрүүлөргө (физ., хим., органикалык үбөлөнүүлөргө) дуушарланат; тоотектердин талкаланып борпоңдолгон, эрип кеткен материалдары агын суу, шамал, мөңгү менен башка жерге оошот; бул материалдар кургактыкка, суу алаптарынын тамандарына топтолуп, акырындап чөкмө тектерге айланып кетет. Тышкы күчтөр жер бетинде морфоскульптуралардын пайда болушуна шарт түзөт; ички күчтөр менен кошо Жердин рельефин калыптандырат; чөкмө тек катмарларын пайда кылып, алар менен байланыштуу кен байлыктарды жаратат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2