Тышкы тармак

Википедия дан

Тышкы тармак (англ. extranet) - интернет тармагы менен аракеттенген интернет тармактар тобу аркилуу түзүлгөн коомдук тармак.

Тышкы тармак виртуал тармак катары интернет тармагын байланыштырып, бир гана ээси-коомго таандык жана ага интернетте каналдар ыйгарылат. Тышкы тармакты колдонуу көпчүлүк бөлүмдөрү ар башка жакта жайгашкан чоң коомдор үчүн ыңгайлуу. Тышкы тармагында колдонуучулардын өз ара жана тармак ресурстары аркылуу иштеши уюштурулат, алар кайсы интернет тармагы менен иштеп жатканнн билбейт. Мында колдонуучулар интернет тармагында, ошондой эле анын сыртында да болушу мүмкүн. Тышки тармак колдонуучуларн үчүн кросспрограмма деп аталган программалар иштелип чыгат. Алар кадимки колдонмо программалардан алдын ала белгилүү бир иштетүү системаси менен эмес, иштетүү системалар тобу аркылуу иштей алгандыгы менен айырмаланат. к. Экстранет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4