Тыңчы (аскер шпиону)
Көрүнүш
Тыңчы (аскер шпиону) – душманынын аскерлери жайгашкан жерде же алардын ооругунда жашыруун чалгындоо иштерин жүргүзгөн адам. Согуштан жапа чеккендерди коргоо жөнүндө 1949-жылдагы Женева конвенциясына 1-Кошумча протоколунун 46-статьясында «тыңчылык кылып жүргөн мезгилинде каршы тараптын колуна түшкөн куралдуу күчтөрдүн курамына кирген адам аскер туткунунун статусуна ээ болбойт, аларга шпион катары мамиле жасалат» деп белгиленген. IV Гаага конвенциясынын 30-статьясына ылайык «жеринде кармалган тыңчы алдынала сотсуз жазалоого жол берилбейт». Өз аскерине кайтып келатып туткунга алынган Т. өзүнүн мурда Т. катары жасаган иш-аракети үчүн эчкандай жоопкерчиликке тартылбайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7