Тьерра-Элада

Википедия дан

Тьерра-Элада (исп. tierra helada - аяздуу жер) - Борбордук жана Түштүк Америка тоолорундагы субнивалдик жана нивалдик бийиктик алкактари.

Борбордук Америкада 3000 м, Түштүк Америкада деңиз деңг. 3200-3500 м бийиктикте жайгашкан. Рельефинде негизинен ички бөксө тоолор, тоо киркалар жана жанар тоо конустары басымдуулук кылат. Климати бийик тоолуу, катаал. Жылдык жаан-чачын 500-700 мм. Бийик тоолуу нымдуу экватордук шалбаа - парамос, талаа жана жарым чөл ландшафттарннда парамо, халка, пуна, тола сияктуу өсүмдүк формациялари өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4