Түгөлбаев, Орозобек

Википедия дан
Орозобек Түгөлбаев
Туулган жылы:

1945-жылы 10-август

Туулган жери:

Мантыш кыштагы, Кочкор району

Өлкө:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

Математиканы, информатиканы окутуу

Иштеген жери:

Кыргыз билим берүү академиясы

Альма-матер:

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети

Орозобек Түгөлбаев (1945.10.08) - педагог, Кыргыз билим берүү академиясынын окутуучусу,

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түгөлбаев Орозобек, 1945-жылдын 10-августунда Нарын областынын Кочкор районундагы Кара-Суу айылдык кеңешине караштуу Мантыш кыштагында туулган. Атасы Түнгатаров Түгөлбай 1892-жылы туулган, колхоз курулушунун активдүү катышуучусу болгон. Энеси Кулбоосунова Салый 1919-жылы туулган, өмүр бою ортолук үчүн эмгектенип келген. Экөө биригип 10 баланы таап, тарбия беришкен. Орозобек 10 баланын алтынчысы болгон. Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө орто мектебинен 1951-1961-жылдары окуган. 1961-1966-жылдарда Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (КМУ) физика-математикалык факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун 1967-жылы Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө орто мектебинде математика мугалими болуп иштөөдөн баштаган. 1967-1968-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Армиядан келгенден кийин Кызыл-Дөбө орто мектебинде ишин уланткан. 1969-1975-жылдары Кочкор районундагы "Эпкин" орто мектебинде математика мугалими, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген. 1975-1976-жылдары Кочкор районундагы Ленин атындагы орто мектебинин директору болгон. 1976-жылдын 15-октябрынан баштап, кийин Кыргыз билим берүү академиясы болуп кайра түзүлгөн Кыргыз педагогикалык илим-изилдөө институтунда, кенже илимий кызматкер болуп иштей баштаган. 1976-1992-жылдарда Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун кечки мектептер жана физика-математика секторлорунун илимий кызматкери болуп, кийинчерээк информатика секторунун башчысы болуп эмгектенген. 1985-1987-жылдарда, которулуу менен, Кыргыз республикасынын билим берүү министрлигинин инспектору болуп иштеген. 1979-1982-жылдарда Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун аспирантурасында окуган. «Информатика жана эсептөө техникасынын негиздери» деген жаңы окуу предмети киргизилген учурда, адегенде билим берүү министрлигинин инспектору катары, андан кийин сектор башчысы катары бул предметти мектепке киргизүү боюнча уюштуруучулук жана илимий-методикалык камсыздоо жумуштарын ишке ашыруунун үстүндө иштеген. 1987-1990-жылдарда бир нече жыл катары менен информатика мугалимдерин кайра даяярдоо жумуштарын, жогорку класстардын окуучуларынын Республикалык жайкы лагерлерин уюштуруп өткөрүү жумуштарын жүргүзгөн. 1997-1998-жылдарда табийгый-математикалык дисциплиналар жана информациялык технологиялар (ТМД жана ИТ) кафедрасын башкарып турган. Кыргыз билим берүү академиясы (КББА) түзүлгөн учурдан бери бардык категориядагы курстардын угуучулары менен информатиканы окутуунун теориясы жана методикасы боюнча жана окуу-тарбия процессин компьютерлештирүү маселелери боюнча иштеп келди.

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту КББАнын курамынан бөлүнүп чыккандан бери ушул институттун ага окутуучусу болуп иштеп келе жатат.

Орозобек Түгөлбаев Кыргыз билим берүү академиясынын компьютердик классында

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]


1967-1976-жылдар. Кочкор районунда математика мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору
1976-1992-жылдар. Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери, сектор башчысы, Кыргыз республикасынын билим берүү министрлигинин инспектору
1993-2016-жылдар. Кыргыз билим беруу институтунун, кийин кайра уюшулган Кыргыз билим берүү академиясынын табийгый-математикалык дисциплиналар жана информациялык технологиялар кафедрасынын мугалими, кафедра башчысы.

2017-жылдан бери КББАнын курамынан бөлүнүп чыккан Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ага окутуучусу болуп иштеп келе жатат.

Орозобек Түгөлбаев информатика курсуна келген мугалимдер менен

Ар кыл наамдары, сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Кыргыз республикасынын ардак грамотасы (12.10.2005)
Кыргыз республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги (9.09.1995)
Кыргыз республикасынын билим жана илим министрлигинин ардак грамотасы (24.09.1984)
СССР Илимдер Академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Ардак Грамотасы (30.03.1989)
XIX Республикалык педагогикалык окуулардын Уюштуруу комитетинин Ардак Грамотасы

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]


1965-жылдан бери үй-бүлөлүү. Зайыбы – Акматбекова Жумабүбү. Кесиби математик, математика мугалими. Азыр пенсияда.

Орозобек Түгөлбаев жубайы Акматбекова Жүмабүбү менен


Беш балалуу. Бардыгы жогорку билимдүү, үй-жайлуу, алган адистиктери боюнча иштеп жатышат.
Туну Акыл, 1970-жылы туулган. Кесиби байланышчы.
Кызы Салтанат, 1972-жылы туулган, Салтанат Саматова деген ат менен белгилүү. Телерадиожурналист. 2018-жылдын 15-апвгустунла дүйнөдөн кайткан.
Уулу Рахатбек, 1974-жылы туулган, Түрк республикасында жашайт жана иштейт, кесиби врач.
Уулу Талантбек, 1976-жылы туулган, кесиби технолог.
Уулу Давлетбек, 1983-жылы туулган, кесиби мамлекеттик кызмат.
12 небереси бар.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түгөлбаев Орозобек КББАда 1976-жылдын октябрынан бери иштейт.
«Информатиканын жана эсептөөчү техниканын негиздери» жаңы дисциплинасын 1985-1987-жылдарда республиканын мектептерине киргизүү учурунда Кыргыз ССРинин Агартуу министрлигинде инспектор болуп иштеп, бул предметти киргизүүнүн уюштуруу маселелерин чечүүгө активдүү катышкан. Анын активдүү катышуусу менен партиянын жана өкмөттүн жаңы окуу предметин мектептерге киргизүү бонча токтому даярдалган жана ишке ашырылган.
1987-жылдан баштап КыргызНИИПтин информатика секторунун башчысы болуп иштеп, жаңы предметти илимий-методикалык жана окуу-программалык жактан тейлөөнүн, информатика мугалимдерин даярдоонун үстүндө иштеген.
1987-1990-жылдарда жогорку класстардын окуучуларын компьютердик сабаттуулукка ээ кылуу боюнча Республикалык жайкы лагерлерди уюштуруп өткөрүп, анда информатиканы окутууну өркүндөтүү боюнча өзү сунуш кылган жолдорду жана методдорду колдонгон.
1992-жылдан тартып Туголбаев Орозобек КББАнын ТМД жана ИТ кафедрасында кафедра башчысы жана окутуучусу болуп иштеп келди. Билимин өркүндөтүүгө келген бардык категориядагы угуучулар мменен билим берүүнү компьютерлештирүү, информатика мугалимдеринин илимий-теориялык, методикалык жана практикалык даярдыктарын өркүндөтүү боюнча иштерин улантууда.
Кыргызстанда информациялык-коммуникативдик технологияларды өнүктүрүү боюнча уюштурулуп жүргөн республикалык деңгээлдеги иш-чараларга дайыма активдүү катышат.

Илимий эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түгөлбаев Орозобек жалпы көлөмү 50 басма табактан ашык 40тай илимий-методикалык жана окуу мүнөзүндөгү эмгектердин автору. Бул эмгектер:
• информатиканы окутуунун методикалык системасын оркүндөтүү;
• алдыңкы тажрыйбаны эске алуу менен азыркы талаптардын негизинде курстардын угуучуларын окутуунун мазмунун, методдорун жана формаларын иштеп чыгуу;
• информатика боюнча билим берүүнүн окуу программаларын, концепциясын жана мамстандартын иштеп чыгуу;
• информатика жана математиканы окутуу боюнча окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу;
• информатика боюнча кыргыз терминдерин түзүү жана калыптандыруу, кыргыз мектептери үчүн педагогикалык программалык продуктыларды которуу жана адаптациялоо ж.б.

маселелерине арналган.

Жарыяланган кээ бир эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]


1. Республиканын мектептеринде ИЭТНди окутуунун абалы жана кээ бир маселелери// Эл агартуу, 1987, № 7, 19-22-беттер.
2. Туголбаев О., Панков П.С., Долгополова И.Г. Олимпиада по ОИВТ в Киргизии.// Информатика и образование, 1987, №5
3. Практикумду уюштуруу жөнүндө.// Эл агартуу, 1988, №3.
4. Жаш Ленинчинин компьютердик клубу. 1-сабак.// Жаш Ленинчи, 1989, №3.
5. Компьютердик клубдун 2-сабагы.// Жаш Ленинчи, 1989, №7.
6. IX класста информатиканын жана эсептөөчү техниканын негиздерин окутуу: Муг. үчүн мет. колдонмо/ - Ф.: Мектеп, 1989, Көлөмү 7 б.т.
7. X класста информатиканын жана эсептөөчү техниканын негиздерин окутуу: Муг. үчүн мет. колдонмо/ - Ф.: Мектеп, 1990, Көлөмү 7 б.т.
8. Компьютердик класстагы сабактар: Муг. жана окуучулар үчүн колдон-мо/ - Ф.: Мектеп, 1990, 7 п.л.
9. Дидактические материалы по основам информатики и вычислительной техники: Пособие для учителей и учащихся/ - Ф. Мектеп, 1991, 5 п.л.
10. Программа по информатике. Пособие для учителей и учащихся/ - Ф. Мектеп, 1993, 3 п.л. В соавторстве.
11. Информатиканы окутуу боюнча мамлекеттик стандарт. Проект. В соав-торстве. 10 п.л.
12.http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%98%D0%BD%D1%84%D0%BE%D1%80%D0%BC%D0%B0%D1%82%D0%B8%D0%BA%D0%B0
13.http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%98%D0%BD%D1%84%D0%BE%D1%80%D0%BC%D0%B0%D1%82%D0%B8%D0%BA%D0%B0%D0%BD%D1%8B%D0%BD_%D0%B1%D0%B0%D1%88%D1%82%D0%B0%D0%BB%D1%8B%D1%88%D1%82%D0%B0%D1%80%D1%8B%D0%BD_%D0%BE%D0%BA%D1%83%D1%82%D1%83%D1%83
15.http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%90%D1%8F%D0%BB%D0%B4%D0%B0%D1%80%D0%B4%D1%8B%D0%BD_%D1%81%D1%8B%D0%BF%D0%B0%D1%82%D1%8B
16.http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9A%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7_%D1%82%D0%B8%D0%BB%D0%B8%D0%BD%D0%B8%D0%BD_%D0%B0%D0%B7%D1%8B%D1%80%D0%BA%D1%8B_%D0%B0%D0%B1%D0%B0%D0%BB%D1%8B_%D1%82%D1%83%D1%83%D1%80%D0%B0%D0%BB%D1%83%D1%83



  • ISBN

Ал тууралуу интернет макалалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]