Мазмунга өтүү

Түйдүк

Википедия дан

Түйдүк - түркмөндөрдүн үйлөмө музыкалык аспаптарынын жалпы аталышы.

Алардын үч түрү бар: 1. Гаргы Түйдүк -узунунан бойлото кармалып ойнолуучу эки башы ачык үйлөмө музыкалык аспап. Добуш өзгөртүүчү көзөнөгүнүн саны 6-7. Орточо уз. 750-800 мм., диаметри 18-20 мм. Гаргы Түйдүк кыргыз чооруна түрлөш аспап.

2. Дили Түйдүк - чымылдактуу үйлөмө музыкалык аспап. Орточо уз. 160 мм., диаметри 6-8 тм. Добуш өзгөртүүчү көзөнөгүнүн саны 3-4.

3. Гошодилли Түйдүк - кош чымылдактуу музыкалык аспап. Түйдүктө жеке күүлөр аткарылган,кээде ырды коштоодо колдонулган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.