Түйүлдүк кабы

Википедия дан

Түйүлдүк кабы, ургаачылык гаметофит - жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн жыныстык мууну.

Түйүлдүк кабы урук-бүчүрдүн энелик жыныс клетка калыптануучу ички, борбордук бөлүгүндө калыптанат. Түйүлдүк кабы сүйрү, анын ичинде көбүнчө 7, кээде Зтөн 15ке чейин клетка болот. Түйүлдүк кабынын бир жагында клетка катары жайгашкан. Алардын ортоңкусу энелик клетка, калган экое синергиддер деп аталат; анын экинчи учунда 3 клетка - антиподдор, ортосунда борбордук клетка деп аталган ири бир клетка жатат. Жетилген Түйүлдүк кабында кош уруктануу жүрөт да, уруктанган энелик клеткадан түйүлдүк, уруктанган борбордук клеткадан эндосперм калыптанат. Синергиддер менен антиподдор өлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.