Түлөберди

Википедия дан

Түлөберди (1735–1810) – манасчы. Түлөберди 1735-жылы туулган. Таластагы жетиген уруусунун коңурат уругунан чыккан, уламалуу манасчылардын бири Түлөбердинин кантип, кандай себеп менен манасчы болуп калгандыгы тууралуу, манасчылыгынын канчалык өңүттө болгондугу тууралуу так маалыматтар жок. Анын өз элин “Манас” айтуу аркылуу жоодон сактап калгандыгы жөнүндө гана айтылат. Ал мындайча: Илгери ошол Түлөберди жашаган чөлкөмгө жоо келет. Жоокерчиликтин эски ырымы менен туу кандамак болушкан алар туткун кармоого киришет. Ошентип туткунга Түлөберди түшүп калат. Туткундалып келаткан Түлөберди акыркы күнүм ушул экен деп ойлойт да, “Манасын” айтып кирет. Туткунубуз ырчы экен деген тигилер анын ырына кызыгып, угуп-көрүп, ыры бүткөн соң өлтүрмөк болушат. Бирок ырчынын ыры түгөнбөйт. Бир күн айтат, түгөнбөйт, эки күн айтат, түгөнбөйт, үч күн айтат, түгөнбөйт... Ошондо гана аскербашы: “Биз жоонун касиеттүү кишисин кармап келген экенбиз. Мындай киши менен туу кандалбайт. Жолубуз болбой калган экен, кайттык артка!” – деп, ат башын кайра артка бурган экен дейт.

Андан башка Түлөберди Таластан чыккан манасчы Эмил уулу Назар баш болгон бир топ жаштарды манасчылыкка үйрөтүп, аларга устаттык кылган экен. Ал жөнүндө өзү: “Менин көп чүкөм бар. Алардын ичинен коночоогу, тапаны, аты алыска кетээри бирөө гана. Ал – Назар. Мындай манасчы жаралабы, жаралбайбы, ким билет. Анын айтканын уккан сайын делебем козголуп, канат байлап учкум келет. Ийине келтирип, Назар айтсын “Манасты!” – дечү экен.

Түлөберди манасчы 1810-жылы дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]