Түлөө (зоология)

Википедия дан

Түлөө (зоология) - жаныбарлардын мезгил-мезгили менен эски жүнү, түгү, какачы, канаты ж. б. түшүп, алардын ордуна жаңыларынын чыгышы.

Түлөө жашка жараша (жашоонун биринчи айларында), мезгилдик (жыл мезгилине жараша) жана туруктуу (жыл бою) болуп айырмаланат. Түлөө организмдин гормондук абалына, жашына, өөрчүү стадиясына, ошондой эле сырткы чөйрөгө (темпра, жарык мезгили ж. б.) жараша болот. Омурткасыздардын Түлөөсү (муунак буттууларга негизинен жаштык Түлөө мүнөздүү) личинкаларынын эски кутикуласы мезгил мезгили менен жаңыга алмашат. Курт-кумурскапардын Түлөөнүн саны Зтөн (чымындар) же 4-5ке чейин (көпчүлүк түз канаттуулар, кенелер, көпөлөктөр ж. б.) жана 25-30га чейин (күнүмдүктөр, жаз күсөктөр) жетет. Омурткалуулардын Түлөөсү жашка жараша, мезгилдик жана туруктуу болот. Алардан эски териси, жүнү, түгү, какачы ж. б. жаңыларга алмашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4