Түмөнбай

Википедия дан

Түмөнбай"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Акун кандын агасы Түлкүнүн баласы. Оогандын белдүү адамдарынын бири. Ашкан чечен, айла тапкыч Ажыбайды жанына алып (Курама вариантта Кашканын уулу Каманбай үчөө), Айчүрөктү алабыз деп, ооганды камап жаткан Чынкожо менен Толтойго элчиликке барып, белгилүү мөөнөт сурап, душманды токтотот. Семетей келбесе Айчүрөктү бермек болушканын Семетейге Т. жүйөкөр Ажыбай экөө айтат. Курама вариант боюнча сураган төрт ай мөөнөт бүткөндөн кийин Айчүрөктү берем деп Чынкожонун канаты бар Кара атын алдап алам десе, Акункан болбой коёт. Семетей келгенден кийин аттарын алдап алайын десе Семетей да каршы болот (Курама вариант, "Семетей", 195—206). Кийин Чынкожо, Толтойдун колу менен болгон урушта баатырларча согушканы

айтылат (Саякбай Каралаев, "Семетей", 2. 70—83).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4