Түндүк–Фергана Таш-Көмүр бассейни
Көрүнүш
Түндүк–Фергана Таш-Көмүр бассейни Фергана тоо тизмегинин этегинде жана Чаткал кырка тоосунда юра катмарынын созулуп жаткан көмүрлүү аймак. Таш-Көмүрлүү бассейн туурасы 10 кмге жакын тилкени түзүп, Майлысудан (Сарыбээ) Аркытка чейин, узундугу 75 км созулуп жатат. Бассейнде Таш-Көмүр (Нарын), Майлысу (Сарыбээ), Каратыт, Тегене, Хожата, Пагата, Аркыт (Сары-Челек) кендери белгилүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7